Аламүдүндүн Кара-Жыгач айыл аймагы таза суу менен толук камсыздалды

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач айыл аймагында 2 суу мунарасынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул туурасында президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынан билдиришти.

Иш-чарага президенттин Чүйдөгү өкүлү Нурил Алымбаев, АРИС уюмунун директору Марс Наспеков, Аламүдүн районунун акими Бактыбек Анаркулов жана башкалар катышышты.

Мындан тышкары, 28 чакырым негизги суу түтүктөрү жаңыртылды. Долбоор АРИС тарабынан каржыланып, жалпы суммасы 60 миллион 354 миң сомду түздү.

Аталган долбоордун ишке ашуусу менен Кара-Жыгач айыл аймагы толук таза суу менен камсыз болмокчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан