Күздүн акыркы күнүнө карата аба ырайы

Эртең, 30-ноябрда Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми Талас, Ысык-Көл, Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында кар жаашы мүмкүн.

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -2 … +3, күндүз -3 … +2;

Талас облусунда түнкүсүн -1 … -6, күндүз -3 … +2;

Ош, Жалал-Абад, Баткен дубандарында түнкүсүн -1 … +4, күндүз +7 … +12;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -1 … -6, күндүз +2 … +7;

Нарын облусунда түнкүсүн -11 … -16, күндүз 0 … 5;

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 0 … +2 , күндүз +4 … +6 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан