Ушул жылдын 25-ноябрь күнү Бишкек шаарындагы төрөт үйлөрдүн биринде үч эм жарыкка келди. Наристелер биринчи Элдик курултай күнү төрөлгөндүктөн жакындары аларга Садырбек, Камчыбек, Ынтымак деген ысымдарды ыйгарышкан. Ымыркайлардын апасы Назира Жакыпова SUPER.KG порталына берген интервьюсунда бул анын бешинчи төрөтү экенин айтып, кубанычы менен тең бөлүштү.
"Ысык-Көлдөгү ооруканага барсам, төрөтө албайбыз деп Бишкекке жиберишти. Дарыгерлердин жардамы менен аман-эсен көз жарып алдым, Кудайга шүгүр. Буга чейин төрт балам бар болчу. Эки уул, эки кыз. Эми 3 эмди төрөп баатыр эне болуп олтурам. Кубанычымда чек жок. Ошентип бир заматта 5 эркек, 2 кыздын энеси болуп калдым (күлүп).
Балдарым Элдик курултай күнү эртең менен жарыкка келишти. Жакындарыбыз менен макулдашып, президент Садыр Жапаров жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин урматына ушул ысымдарды тандадык. Ал эми алардын ортосундагы достук жана ынтымак үчүнчү эмдин ысымынын келип чыгышына түрткү болду.
Балдарым келечекте ушул инсандардай болуп, эл кызматына жараган, эл башкарган инсандардан болушун тилеп жатам. Уулдарымдын курултай күнү төрөлгөнү да мени көп нерседен үмүттөндүрөт", - дейт үч эмдин апасы.
Ымыркайлардын үчөө тең уул. Улуусу 2 килограмм 450 грамм. Экинчиси 2 килограмм 350 грамм болсо, үчүнчүсү 2 килограмм 300 грамм салмакта төрөлгөн.
Назира Жакыпова 41 жашта. Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылынын тургуну.