Сууга зар болгон баткен эли: Район башчысы чечилбеген көйгөйдүн себебин атады

Эсиңиздерде болсо, буга чейин Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунун тургундары суу маселеси боюнча көйгөйлөрүн айтып кайрылышкан. Ал эми SUPER.KG порталы суу таңкыстыгы боюнча Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаевге суроо салып, жооп алды. Ал учурда бул маселени чечүү үчүн аракеттер көрүлүп жатат деп ишендирди.

“Таза суу боюнча биздин райондун аймагында чоң долбоор ишке ашкан. Президенттин жарлыгына ылайык 2025-жылга чейин айылдарды таза суу менен камсыз кылуу программасы иштелип чыккан. Ошо программага биздин айылдар да кирген. Бул долбоорду чет өлкөлүк донорлор, тагыраагы, дүйнөлүк жана эл аралык банктар каржылаган. Бирок чек арадагы кырдаалга байланыштуу ишти токтотуп койгон. Алар өздөрүнүн адистеринин коопсуздугун эске алышып, чек арага жакын, ошондой конфликттер катталган аймактардан баш тарткан. Буга байланыштуу долбоорду кайра өзгөртүп чыгууга бир топ убакыт кеткен.

Ал эми бүгүнкү күндө ошо долбоордун алкагында иш-аракеттер жүрүп жатат. Тактап айтканда, республикалык бюджеттин эсебинен 9 миллион сом акча каражаты бөлүнүп, Самаркандек айыл өкмөтүнө ичүүчү таза суу тартылууда. Мындан сырткары, Суу-Башы айыл аймагындагы Боз-Адыр айылына Ихсан Хария кайрымдуулук фондунун эсебинен 14 чакырым аралыктан ичүүчү таза суу тартылууда, ар бир тургундун үйүнө суу киргизилип берилет. Буга жалпы 14 миллион сом сарпталып жатат. Ал эми Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан Ак-Татыр жана Самаркандек айыл өкмөттөрүнүн Ак-Татыр, Орто-Боз, Жаңы-Бак, Самаркандек жана Паскы-Арык айылдарын ичүүчү таза суу менен камсыздоо долбоору ишке ашып, ичүүчү таза суу линиясынын курулуш иштери башталуу алдында турат”, - деди ал.

“Калкты таза суу менен толук камсыздоого эмне тоскоолдук кылып жатат?” деген сурообузга Учкунбек Жоробаев мындайча жооп берди:

“Негизги тоскоолдук чек ара маселесинин чечилбегендиги болуп жатат. Районубузда 9 айыл өкмөт болсо, ошонун баары чек аралаш айыл өкмөт болуп эсептелет. Өзбекстан менен азыркы күндө чек ара маселелери чечилди. Кудай буюрса, алдыда эми иштер жасалат. Билесиздер, Тажикстан менен чек ара маселеси чечиле элек. Чек аралаш жерде капиталдык курулуш жүргүзсөң эле “чек ара такталганга чейин токтотуп тургула” деген маселелер жаралат. Ушундай маселелердин айынан көп жумуштар кармалып калат”, - деди Жоробаев.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан