Бүгүн, 29-ноябрда Ош шаарынын мэри болуп дайындалган Бакытбек Жетигенов мэриянын жамаатына тааныштырылды. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бакытбек Жетигеновду жамаатка министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев тааныштырып, мурдагы мэр Алмаз Мамбетовдун жасаган иштерине токтолуу менен катар мындан аркы кадамдарына ийгиликтерди каалады.
Эскерте кетсек, Мамбетов Ош шаарынын мэрлик кызматында 1 жыл 4 ай убакыт иштеди.