Акаев: "Жамгырчиевдин үйүнөн үн жаздыруучу аппараттар табылды"

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевдин үйүнөн жана унаасынан үн жана видео жаздыруучу аппараттар табылды. Бул тууралуу эл өкүлү Жанар Акаев бүгүн, 30-ноябрда парламенттин кезектеги жыйынында билдирди.

Акаев кесиптеши Жамгырчиев мурда козголгон кылмыш иши боюнча толук акталгандыгын айтты.

"Биздин депутатыбыз Эмил Жамгырчиевди Конституцияны бузуу менен күч органдары кармап, чек ара постунан Бишкек шаарына алып келген. Муну менен анын чет өлкөгө чыгуу укугу бузулду. Биз анын кармалышын, түздөн-түз Кемпир-Абадды берүүгө каршы добуш бергендигине байланыштырабыз. Эмил Жамгырчиевге 2018-жылы иш козголуп, толугу менен райондук, шаардык жана жогорку соттон акталган. Бирок ага карабай учурда ишти кайра жандантуу аракети жүрүп жатат. Депутат берген добушу үчүн "макул" же "каршы" добуш береби ал үчүн жооп бербейт. Бул консититуцияда да, регламентте да так жазылган", - деди Акаев.

Ошондой эле ал партиялаштары эмне себептен кармалып, эмнеге өлкөдөн чыгарылбай жаткандыгы боюнча күч органдары бүгүндөн калбай түшүндүрмө берүүсүн талап кылды.

Эскерте кетсек, 26-ноябрда депутаттар Эмил Жамгырчиев менен Чыңгыз Айдарбековдор кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" өткөрмө бекети аркылуу тажияга бара жатканда Жамгырчиевдин өлкөдөн чыгуусуна тыюу салынганы белгилүү болгон. Эмил Жамгырчиев кармалып, кийин кое берилгени белгилүү болгон.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков учурда чет жакта дарыланып жатканын, жакынкы күндөрү Кыргызстанга кайтып келерин фейсбуктагы баракчасына жазды.

Акаев: "Жамгырчиевдин үйүнөн үн жаздыруучу аппараттар табылды"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан