Чыңгыз Айдарбеков бир нече күндөн бери байланышка чыкпаганынын себебин айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков бир нече күндөн бери байланышка чыкпаганынын себебин айтты. Эл өкүлү бул тууралуу 30-ноябрга караган түнү Инстаграм баракчасына жазды.

"Бир нече күн байланышта болбогонумдун себебин сиздерге жеткирип коюуну чечтим. Буга чейин менин кесиптештерим маалымдагандай, ден соолугума байланыштуу пландаштырылган текшерүүнү өтүү үчүн чет жакка чыгууга муктаж элем. Ал ортодо Казакстанда куран окутуу зыйнаты да бар эле, андан соң медициналык текшерүү үчүн сапар уладым. Сиздер менен байланышка чыгуу мүмкүнчүлүгү пайда болор замат ушул кайрылууну жазуудамын. Бардык кабатыр болгон жана ар дайым колдоо көрсөткөн санаалаштарыма терең ыраазычылык билдирем! Жакынкы убакытта Кыргызстанга кайтып келем", - деп билдирүү калтырды Айдарбеков.

Депутат Эмил Жамгырчиев 27-ноябрга оогон түнү кесиптеши Чыңгыз Айдарбеков менен Казакстанга бара жатканда ага өлкөдөн чыгууга тыюу салынганы маалым болгон. Эл өкүлү Элвира Сурабалдиева билдиргендей, Жамгырчиевди УКМКнын кызматкерлери кармап, кайра коё берген. Ошондой эле ал Фейсбуктагы баракчасына Чыңгыз Айдарбеков дайынсыз болуп жатканын жазган.

УКМК Айдарбеков чек арадан кармалды деген маалыматты төгүндөгөн. Атайын кызмат ал суракка да алынбагандыгын, чек арадан Казакстанга өткөнүн билдирген.

"Альянс” фракциясынын төрагасы Жанар Акаев 28-ноябрда Айдарбеков ден соолугуна байланыштуу парламент жыйындарына катыша албай тургандыгы жөнүндө кат алганын жарыялап, Жамгырчиев жөнүндө кийинчерээк маалымат берилерин кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан