Бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Айбек Осмонов Ош шаарынын мэри көп убакыт өтпөй эле алмашып жатканын сынга алды.
"Ош шаарына аткаруу бийлиги убактылуу бирөөнү коюп, каалаганда алып, каалаганда коё турган жерби? Эгерде аткаруу бийлиги дайындай албай жатса, келгиле Ош менен Бишкек шаарына башчыны шайлоо укугун элге берели. Бир аны алып барат, бир муну алып барат. Бул эмне деген нерсе? Элди мазактаганыбы? Мурунку мэр жакшы иштеп келе жаткан. Бирок иштери аягына чыга элек, башка бирөөнү алып барып койду. Бир себеп болушу керекпи? Мындай болбойт, эл менен эсептешиш керек", - деди эл өкүлү.
Осмонов мындан сырткары Ош шаарынын көйгөйлүү маселелери бүгүнкү күнгө чейин чечиле электигин эске салды. Шаардыктар таза суу, газ маселесинен жапа чегип келе жатканын баса белгиледи.
Ошол эле учурда эл өкүлү борбор калаанын абанын булганышы боюнча маселени көтөрүп, протоколдук тапшырма берди.
"Ушул күнгө чейин биз калааны "смог" каптаганы боюнча маселени далай ирет көтөрүп келгенбиз. Жаңы конуштарда мончолордун иштеши, өлкөгө эң начар сапаттагы күйүүчү майдын алып келиниши жана башка бир канча себептер абанын булганышына алып келип жатат. Аткаруу бийлиги бул көйгөйлөрдү чечүү аракетин көрбөйбү.
Ушул күндө ооруканаларга жаш балдар толуп кетти. Дарыгерлер оорулардын 80 пайызы аба ырайына байланыштуу экенин айтып жатышат. Биз болсо Жогорку Кеңеште башка нерсе менен алек болуп отурабыз", - деди Осмонов.