Исхак Масалиев "Кумтөр" боюнча депутаттык комиссиянын төрагалыгынан баш тартты

Исхак Масалиев "Кумтөр" компаниясы боюнча депутаттык комиссиянын төрагалыгынан баш тартты. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев билдирди.

Эскерте кетсек, жогоруда аталган комиссия "Кумтөр Голд Компани" ишканасындагы алтындын сатылышын, жалпы өндүрүштүн көлөмүн иликтөө жана Кыргызстандын менчигине өткөндөн берки ишмердүүлүгүн текшерүү максатында түзүлгөн. Убактылуу комиссия түзүү чечими парламенттин 28-сентябрдагы отурумунда кабыл алынган.

Комиссиянын курамына депутаттар Марлен Маматалиев, Балбак Түлөбаев, Адахан Мадумаров, Исхак Масалиев, Жанарбек Акаев, Нилуфар Алимжанова, Надира Нарматова, Нурланбек Шакиев, Марат Мураталиев, Улугбек Ормонов, Шайлообек Атазов, Арсланбек Малиев, Максат Сарбагышев кирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан