Бүгүн, 30-ноябрда Бишкектеги №67 мектепте окуучулардын эвакуацияланышы боюнча шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирүү таратты. Анда калаадагы №62 мектептин электрондук дарегине №67 мектептин имаратына жардыруучу зат коюлганы тууралуу кат келгени айтылат.
"Бул факты боюнча №62 мектептин жетекчилиги дароо милицияга кабарлаган. Милиция кызматкерлери №67 мектепке барышкан. Имаратта болгондордун баары эвакуацияланып, текшерүү иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.
Учурда аталган билим берүү мекемесинде кинологдор иш алып барып жатканы белгиленди.
Эске салсак, буга чейин №67 мектептен өрт чыгып, балдар эвакуацияланганы белгилүү болгон. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт боюнча эч кандай маалымат түшпөгөнүн билдирген.