Мэрия: "Бишкектин мэри кызматтан кетти деген маалымат жалган"

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров кызматтан кетти деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу калаа бийлигинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, бүгүн, 30-ноябрда социалдык тармактарда борбор калаанын мэри Абдыкадыров кызматтан кеткени тууралуу билдирүүлөр тараган.

Буга байланыштуу мэриядан: "Социалдык тармакта тараган маалыматтар чындыкка дал келбейт. Шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров кадимки режимде иштеп жатат", - деп билдиришти.

Эскерте кетсек, Абдыкадыров борбор калаага мэр болуп 2022-жылдын 24-февралында дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан