Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 миллиард 731 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" АККсы бүгүн, 30-ноябрда жарыялаган маалыматта көрсөтүлөт.
Ал эми суу сактагычка суунун агып кириши секундасына 186 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 665 куб метрге жетүүдө.
Былтыр, 2021-жылы 30-ноябрда суу сактагычта 11 миллиард 60 миллион куб метр суу бар болгон.