Иликтөөчү журналист Болот Темировдун Кыргызстанда алынган паспорту мыйзамсыз деп табылгандыктан Орусияга депортацияланды. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев билдирди.
Анда ал эл өкүлү Дастан Бекешевдин суроосуна жооп берип жатып айтты.
"Анын Кыргызстандан мыйзамсыз алган паспорту жараксыз деп табылганы жана Орусиянын жараны болгону үчүн чыгарылды", - деди Абдиев.
Ошондой эле ал адамды өлкөдөн чыгаруу чечими чыкканда анын коопсуздугу үчүн милиция кызматкерлери коштоп барарын кошумчалады.
Андан соң Бекешев сот кайсы бир жаранга карата өлкөдөн чыгаруу чечимин чыгаргандан кийин, "Ага үйүнө барып кийим-кече, документтерин алууга мүмкүнчүлүк берилеби? деп суроо салды. Депутаттын суроосуна Абдиев мындай маселелер жагдайга, өтүнүчкө жараша жеринде чечилерин билдирди.
Эл өкүлү бул боюнча мыйзамда кемчиликтер бар экенин айтып, кандай болору жагдайга жараша эмес, так жазылышы керектигин белгиледи.
Эске салсак, иликтөөчү журналист Болот Темировду күч органдарынын кызматкерлери 23-ноябрдын кечинде "Манас" аба майданынан күч менен Бишкек-Москва каттамы аркылуу Орусияга чыгарып кетишкен. Анын алдында Бишкек шаардык соту журналистти өлкөдөн чыгаруу тууралуу чечим чыгарганы маалым болгон.