Бишкек шаарынын мэрине жаңы кеңешчи дайындалды. Калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыровдун архитектура, курулуш жана транспорт боюнча кеңешчиси болуп Махабат Шамбетова бекитилди.
Тиешелүү буйрукка борбор калаанын башчысы кол койду. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Белгиленгендей, Махабат Шамбетова буга чейин “Бишкек башкы архитектура” мамлекеттик мекемесинде жана “Бишкек жылуулук энерго” коммуналдык ишканасында иштеген.