Кароосуз калып, Тажикстандын аймагына өтүп кеткен малдар өз ээсине кайтарылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Белгилүү болгондой, ушул жылдын 27-ноябрь күнү саат 10:30 чамасында Ак-Сай айылынын тургуну 1972-жылы туулган Запарбек Жолдубаевдин 6 баш уйу кароосуз калып, белгисиз тарапка чыгып кеткен.
Баткен РИИБинин милиция кызматкерлери териштирүү иштерин жүргүзгөн учурда, малдар Тажикстандын Исфара районунун Ворух аймагына өтүп кеткени тастыкталган.
Милиция кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам чаралардын натыйжасында, 29-ноябрь күнү саат 20:30 чамасында Тажикстандын Исфара районунун Ворух РИИБинин милиция кызматкерлери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, малдар ээсине кайра кайтарылып берилди.