Мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков камалышы керек. Бул тууралуу маселени Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 1-декабрдагы жыйынында эл өкүлү Жеңишбек Токторбаев көтөрүп чыкты.
"Биздин башкы прокурорубуздун Жээнбековдор менен кандай мамилеси бар билбейм. Бирок Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду айткандан кийин ушундай маселелер башталды. Мен айтат элем, Жээнбеков менен Зулпукаровго кошуп, Сооронбай Жээнбековду да камаш керек. Аны сөзсүз камаш керек! Ал Атамбаев менен чогуу табакташ болуп жүргөндө, анын жакшылыгын көрүп, жамандыгы болгондо бөлөк турушу керекпи? Эгерде прокуратура кызматкерлери ушуларды коргой турган болсо, анда менин да айтчу сөздөрүм бар", - деди депутат.
Токторбаев ошондой эле Башкы прокуратуранын кадамын туура эмес деп баалап, ага көңүл бурууга чакырды.
"Менде ондогон каттар турат. Биз болгону элдин муңун айттык. Эгерде элдин маселесин айтпай, "балык депутат" болуп отурсак анда кандай болот? Туура эмес болуп калат да. Биз эмне башкы прокурорго асылдыкпы?", - деди Токторбаев.
Эскерте кетсек, кечээ, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Жеңишбек Токторбаев менен Шайлообек Атазов Башкы прокуратурага суракка чакыртылган. Бул алардын парламенттин жыйынында аталган тармакта коррупция күчөгөнүн айткандан кийин болгонун депутаттар өздөрү айтып чыгышкан.