Кыргызстандын мурдагы президенттеринин бардыгына бирдей мамиле кылуу керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.
"Мурдагы президенттердин аттары аталып жатат. Аксыдагы 6 кишинин өлүмүнө байланышкан окуялардын күнөөкөрү Аскар Акаевди актап салдык. Анда Бакиевди алып келип түрмөдө отурган Атамбаев менен бетме-бет отургузуп, 2010-жылдагы окуяны териштирбейлиби. Эмне үчүн тандалма кылып жатабыз?
Аскар Акаевди актадыкпы, анда Бакиевди дагы алып келип актайлы. Атамбаевди дагы камактан чыгаралы. Президенттердин баарына бирдей мамиле кылалы да", - деди депутат.