"Дом-2 башталды деп айтышат...". Жогорку Кеңеште Атазов менен Маматалиев кайым айтышты

Бүгүн, 1-декабрда парламенттин кезектеги жыйынында эл өкүлдөрү Шайлообек Атазов менен Марлен Маматалиев кайым айтышып кетти.

Маматалиев парламентте күн сайын "шоу" болуп жатканын айтып, кесиптештерин ич ара сүйлөшүп алууга чакырды.

"Тилекке каршы, Жогорку Кеңеш бүгүнкү күнү башка нукка түшүп алды. Күндө "шоу", күндө "скандал". Сырттагылар "шоу" башталды деп эле айтып калышты. Же болбосо жаман көрсөтүү бар экен "Дом-2" деген. Ошол башталды деп айтып калышты. Ошондуктан ич ара сүйлөшүп, каякка баратабыз, эмне кылып жатабыз? Бүт маселелерди өзүнчө карап, сүйлөшүп алалы", - деди Маматалиев.

Ага жооп иретинде Атазов кесиптештери Акылбек Жапаровго кирип, көрүнгөн жерге өздөрүнүн кадрларын коюп жатканын айтты. Мындан сырткары "адвокат" болбоого чакырды.

"Алар көрүнгөн жерге кадрларын коюп, өкмөт менен ымалашып отурат, табакташ. Аларга шоу. Бирок депутаттардын кабинетине келип, 3 прокурор алып кетип жатат. Биз эмне Батукаевбизби? Же 2010-жылы элди кырган Кадыржан Батыровбузбу? Биз ишкерлердин жана шайлоочудардын укугун коргоп жатабыз. Биз мыйзамдуу мамлекетте жашайлы деп жатабыз. Шоу деп "адвокат" болбогула. Мүмкүн силердин да бир жерде козголуп калган ишиңер бардыр. Адвокат болгондун да чеги болот", - деди Атазов.

Өз учурунда Маматалиев прокуратура кызматкерлеринин кылган кадамын "шоу" деп атаганын, ал депутаттардын таламын талашып жатканын айтты.

"Бокс менен машыккандын кесепети тиет окшойт. Сиз жакшы түшүнбөй калдыңыз окшойт. Регламентте, Конституцияда жазылгандардын баарын тебелеп, депутаттарды алып кетип жатканын "шоу" деп айтып жатам. Мыйзам бузулуп жатса шоу болбой, эмне болуп жатат? Депутаттын негизги милдети мыйзам жазуу жана элдин үнүн жеткирүү. Мен тескерисинче, депутаттарга адвокат болуп жатам. Кызык го...", - деди Маматалиев.

Андан кийин сөзгө Шайлообек Атазов чыгып, кесиптешин туура эмес түшүнүп алганын моюнга алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан