Бүгүн, 1-декабрда Биринчи май райондук сотуна мурунку президент Алмазбек Атамбаев алып келинди. Андагы сүрөт жана видео социалдык тармактарга жарыяланды.
Сот залына Атамбаевди "Тез жардам" унаасы менен ондогон күч кызматкерлери алып келишкен.
Белгилүү болгондой, соттук отурумда 2010-жылы орун алган июнь окуясы боюнча иш каралууда.
2010-жылдын июнь айында Ош жана Жалал-Абад облустарында улуттар аралык кагылышуу чыгып, 400дөн ашуун адам курман болгону айтылган.
Аталган окуя боюнча президент Садыр Жапаров 2021-жылдын апрелинде материалдарды иликтөөнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине тапшырган болчу.