Бишкекте Фере көчөсүнүн ачылышы болду (фото)

Бишкектин Свердлов районундагы Фере көчөсүнүн ачылышы болду. Ага калаа мэри Эмилбек Абдыкадыров жана Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов катышты.

Мэриядан билдиришкендей, Элебесов көчөсүнөн Дачная көчөсүнө чейинки бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү. Ал эми жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдун эки тарабына тротуар салынып, ирригация да орнотулган.

Белгилей кетсек, көрктөндүрүү көзөмөлү боюнча муниципалдык инспекция жолду оңдоого тоскоол болгон мыйзамсыз курулуштарды жана объектилерди алдырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан