Өлкө башчы Садыр Жапаровдун катышуусунда салтка айланган “Мурас” достук турнири 14-15-декабрда өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз футболдук союзунан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, бул спорттук иш-чарага жалпы 16 команда катышат. Алар 4 командадан 4 тайпага бөлүнөт. Турнир Бишкектеги "Газпром балдарга" жана Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтөт.
Белгилей кетсек, “Мурас” достук турнири май айында Бишкекте өткөн. Анда өлкө башчы башында турган "Президенттин администрациясы" командасы чемпион болгон.