Бишкектеги жатаканалардын биринде асынып алган 17 жашар кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, милицияга билдирүү 29-ноябрда саат 06:07де түшкөн.
Чакырууга барган тергөө-ыкчам тобу университеттердин биринин жатаканасындагы бөлмөдө асынып алган кызды табышкан. Анда мыкаачылык менен өлүмдүн белгилери болгон эмес.
Асынып алган кыздын аты-жөнү такталып, 2005-жылы туулган жашы жете элек Р.А экени аныкталган .
Бул факты каттоого алынып, бардык керектүү экспертизалар жүргүзүлүүдө.