Кыргыз Республикасынын эл артисти, режиссёр, белгилүү актёр Орозбек Кутманалиевдин 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, кечеде кыргыз кино аренасында кайталангыс жаркын образдары менен элдин эсинде калган Орозбек Кутманалиевдин өнөргө арнаган өнөктүү өмүр жолу кенен баяндалып, чыгармачылык бейнеси баяндалды.
Орозбек Кутманалиев 1932-жылы Сокулук районунун Шалта айылында төрөлгөн.
Ал "Сүйүү жаңырыгы" киносунда Бектемирдин, "Ак кемеде" Орозкулдун, "Фудзиямадагы кадыр түндө" Арзыматтын, "Эрте жаздагы турналарда" Бейшембектин, "Ак куулар конгон айдың көл" киносунда Сабырбектин, "Эл арасында" киносунда Кубаттын, "Уркуяда", Куландын, "Ак илбирстин тукумунда" Жарчынын ж.б. ролдорун аткарган.
Залкар артист 2005-жылы оорудан улам 73 жашында бул дүйнө менен кош айтышкан.