Эртең, 5-декабрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Нарын облустарында, Ысык-Көлдүн тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунун маалыматында айтылат.
Ал эми күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарында, Ысык-Көлдүн тоолуу райондорунда кар жаайт.
Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарына туман түшөт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -3…+2;
Талас жергесинде түнкүсүн -5…-10, күндүз -3…+2;
Ош, Жалал-Абад, Баткен дубандарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 0…+5;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…+5;
Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз 0…-5;
Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -6…-8, күндүз -1…+1 градус болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.