Садыр Жапаров Азиз Мурадиллаевдин дарылануусуна 42 миң доллар бөлүп берди

Өлкө башчы Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаевдин дарылануусуна 42 миң доллар бөлүп берди. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда коомдук ишмер Ассоль Молдокматова социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
"Бир нече саат мурун сизге белгилүү актёр Азиз Мурадиллаевге жардам берүү өтүнүчү менен кайрылдым эле. Бир сааттан кийин сиздин атыңыздан 42 миң доллар алып келип беришти. Биздин үнүбүздү угуп, ден соолугу үчүн элдин баары тынчсызданып жаткан таланттуу актёрубузга кам көрүгөнүңүз үчүн ыраазычылык билдирем", - деп жазды Молдокматова.
Ал акча чогултуу токтотулганын, элден жыйналган 1 миллион 21 миң сом актёрдун жубайына тапшырыларын кошумчалады.
Буга чейин ал Мурадиллаевдин абалы туруктуу оор экенин маалымдаган. Ал эми операция үчүн жалпысынан 45 миң доллар керек эле.
Эске салсак, театр жана кино актёру Азиз Мурадиллаев жандандыруу бөлүмүнө түшкөнү боюнча маалымат кечээ, 3-декбарда тараган болчу.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kun-nuru
2022-12-05 00:15:00
Аллаахым шыпаасын берсин. Ар бир ооруган жандын шыпаасын бер Аллахым оомиин
0
Asmat84
2022-12-05 06:27:00
Жакшы кылыптыр. Эми Аллахым шыпаасын берсин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан