
Орусиянын президенти
Владимир Путин келерки аптада Евразиялык экономикалык биримдиктин саммитине катышуу үчүн Бишкекке учуп келет. Бул тууралуу журналист
Павел Зарубин Telegram каналына жазды.
Ноябрда орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Путин Бишкекте өтө турган Евразиялык экономикалык биримдиктин саммитине катышарын ырастаган.
Белгилей кетсек, ЕАЭБдин мамлекет башчыларынын саммити 9-декабрь күнү Бишкекте өтөт. Уюмга быйыл Кыргызстан төрагалык кылууда.