Жалал-Абад шаарында жаңы жылдык балаты орнотулууда

Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтына жаңы жылдык балатыны орнотуу иши башталды. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңы жылдык балатыны, "Эркиндик" аянтын жана шаар көчөлөрүн кооздоо үчүн бул жылы жергиликтүү бюджеттен 817 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Балатынын бийиктиги 27 метрди түзөт.

Калаадагы жаңы жылга карата жасалгалоо жумуштарын мэриянын Коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаменти жүргүзүп жаткандыгы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан