Бүгүн, 5-декабрда “Кабар” маалымат агенттигинде актёр Азиз Мурадиллаевдин жакындары жана коомдук ишмер Ассоль Молдокматова маалымат жыйын өткөрдү.
Анын алкагында боор циррозу менен жабыркап, чукул аралыкта боорун алмаштырууга муктаж болгон Мурадиллаевдин өмүрүн сактап калууга чогулган 45 миң доллар апасына өткөрүлүп берилди.
Актёрдун апасы кайрымдуу кыргыз элине жана өлкө башчы Садыр Жапаровго ыраазычылыгын билдирди.
Андан тышкары топтолгон каражаттан ашкан 65 миң сомду ак кан оорусу менен жабыркаган 10 жаштагы Жамилия Орузбаеванын операциясы үчүн апасына өткөрүп берди.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаев эки күн мурун оор абалда жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Операцияга жалпысынан 45 миң доллар керек болуп, анын 3 миң доллардан ашык суммасы эл тарабынан чогулса, 42 миң доллары өлкө башчы Садыр Жапаров тарабынан атайын ачылган эсепке которулган.