Боор циррозу менен жабыркаган актёр Азиз Мурадиллаевге донор керек. Бул тууралуу коомдук ишмер Ассоль Молдокматова жыйында билдирди. Анын айтымында, учурда актёрдун абалы оор бойдон жандандыруу бөлүмүндө жатат.
“Азыр донор маселеси да бар. Ага донор керек. Апасы донор болууга макул болгону менен дарыгерлер кооптуу экенин айтып, макул болбой жатышат. Донордун боорунун кичинекей бөлүгү гана трансплантация болот. Эгер кимдир бирөө макул болсо, оорунун жеңип кетишине жол бербейли", - деди ал.