Ассоль Молдокматова өлкө башчыдан Азиз Мурадиллаев үчүн атайын борт берүүнү өтүндү

Бүгүн, 5-декабрда коомдук ишмер Ассоль Молдокматова “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйында президенттен Азиз Мурадиллаев үчүн атайын борт берүүнү өтүндү.

Ал өлкө башчы Садыр Жапаровго кайрылып, санавиациянын учагын берүүнү суранды.

"Биз өтө таланттуу актёрду жоготуп алышыбыз мүмкүн. Бүгүн саат 13:00дө актёрдун организминен ашыкча сууну чыгаруу үчүн операция жасалат. Андан кийин аны тез арада боорун алмаштыруу үчүн Түркия же Орусиянын ооруканаларына жеткирүү зарыл”, - деп билдирди Ассоль Молдокматова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан