Бүгүн, 5-декабрда коюу туман каптагандыгына байланыштуу "Ош" эл аралык аэропортунда ички авиакаттамдардын графиги жылдырылды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматынан билдиришти.
- Ош-Бишкек (132) каттамы 7:45тен 11:40ка жылдырылды;
- Ош-Бишкек (106) каттамы 8:40тан 11:50гө жылдырылды;
- Ош-Бишкек (178) каттамы саат 10:40тан 12:30га которулду.
Мындан улам "Манас" эл аралык аэропортунан Ош шаарына аткарылуучу ички каттамдардын да графиги өзгөрүүдө.