Өлкөдө көп функциялуу, өзгөчө трактор жасалууда. Бул тууралуу ал техниканы курагандардын бири Дастанбек Абдрахманов Фейсбук баракчасына видеосун бөлүштү.
Абдрахмановдун айтымында, аталган техника көп тармактуу функцияларды аткарат. Анын ичинде 2 чакырым аралыкка суу жеткирүү, малга жем, шакел (кашек) майдалап, отун жарып, кар күрөө функциялары дагы бар.
“Биздин трактор кызуу изденүүнүн үстүндө иштелип жатат. Ага дробилкадан тарта генераторго чейин кошуп койсо болот жана 15 кВт ток берет. 22 аттын күчү бар трактордун баасы - 270 миң сом. Бул биздин биринчи проект. Көп жылдардан бери бул тармакта иштеп келебиз. Завод жок. Өз колубуз менен жасап, аракет кылып келе жатабыз”, - деп жазган Дастанбек Абдрахманов.
Белгилей кетсек, өндүрүүчүлөр учурда инвестор издеп жатышат.