Садыр Жапаров Эл аралык бокс ассоциациясынын президентин кабыл алды

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 5-декабрда Эл аралык бокс ассоциациясынын президенти Умар Кремлевду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, жолугушууда өлкөдө боксту өнүктүрүүнүн жана эл аралык иш-чараларды өткөрүүнүн алкагында кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Садыр Жапаров Кыргызстанда мамлекеттик деңгээлде дене тарбия жана спортту, анын ичинде боксту өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.

Өз кезегинде Умар Кремлев Кыргызстанда спорттун бул түрүн өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди. Мындан тышкары Эл аралык бокс ассоциациясы Кыргызстанда бокс боюнча эл аралык турнирди жана чет элдик спортчулар үчүн машыгуу жыйындарын өткөрүү, ошондой эле өлкөдө Бокс академиясын куруунун алкагында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн карап жатканын баса белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан