Эртең, 6-декабрда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунун маалыматында айтылат.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…-5;
Талас жергесинде түнкүсүн -7…-12, күндүз -1…+6;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз -2…+3;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…-9, күндүз -4…+1;
Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз -1…-6;
Бишкекте 6-декабрга караган түнү кар жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -6…-8, күндүз -2…-4 градус болот.