Ата мекендик "Аэро Номад Эйрлайнс" авиакомпаниясы Бишкек-Гоа-Бишкек багыты боюнча чартердик каттамдарды ачат. Бул тууралуу бүгүн, 6-декабрда "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, "Манас" эл аралык аэропортунан Гоага түз учуулар биринчи жолу аткарылмакчы. Белгиленген багыт боюнча каттамдар ушул жылдын 20-декабрь жана 28-декабрында аткарылары пландалууда.
Ошондой эле "Аэро Номад Эйрлайнс" 2023-жылдын январь айында дагы 3 авиакаттамды ишке ашырганы турат. Алар 5-13-21-январларда ишке аша тургандыгы күтүлүүдө.