“Манасчылар “манас” айтып батирлүү болушуптур. Мен дагы “манас” айтып үйлүү болсомбу" деген Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, актриса Шайыр Касымалиеванын видеосу тарап, талкууга алынды.
“Мен интернеттен бир жаңылыкты угуп алып аябай таң калып жатам. Манасчылар “манас” айтып батирлүү болушуптур. А мен болсо 30 жылдан ашуун театрда эмгек кылып, эми пенсияга чыгып, ай сайын элдин көйгөйүн чагылдырып, ошол көйгөйдөн кантип чыгып кетиш керек деген негизде сценарий жазып, андан тышкары актердук чеберчилиги жагынан өсүп-өнүп, өнөрүн элге тартуулагысы келген окуучуларды тарбиялап, эмгектенип жүрүп дагы ушул кезге чейин батирим жок. А манасчылар болсо “манас” айтып эки бөлмөлүү батирлүү болушуптур. Мен ойлонуп жатам. Быйылдан тартып, кийинки жылга чейин “манас” айтууну үйрөнүп, эмдиги жылы “манас” айтып үйлүү болсомбу деп”,- деп айтылат видеодо.
Белгилей кетсек, Шайыр Касымалиева ушул жылдын октябрь айында театр менен коштошкон.