Актёр Чыңгыз Мамаевдин иши кайра тергөөгө жөнөтүлдү

Актёр Чыңгыз Мамаевге козголгон кылмыш иши кайра тергөөгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 6-декабрда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чечим "Тергөөнүн кемчиликтерин толуктоо үчүн" деген негизде 22-ноябрда кабыл алынган. Ишти Бишкектин Свердлов райондук соту жабык карап жаткан.

Эске салсак, Чыңгыз Мамаев үстүбүздөгү жылдын апрель айында зордуктоого шектелип кармалган. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренесинин ("Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракети") негизинде иш козголгон.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан