Курманбек Бакиевдин эки кабаттуу үйүнүн ордуна балдардын реабилитациялык борбору курулду (фото)

Качкын президент Курманбек Бакиевдин Бишкектин Жибек Жолу проспектисинде жайгашкан эки кабаттуу үйүнүн ордуна балдардын реабилитациялык борбору курулду. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди.

сиңерде болсо Жибек-Жолунда жайгашкан мурдагы президент Бакиевге таандык имаратты жай айында бузуп, ордуна ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялык борбор курууну баштаганбыз. Ошондо “булар басып алды, ээлеп алды, эми өзүнө үй салат экен” деген ушактарды таратышты эле. Биз натыйжаны иш жүзүндө көрсөтөбүз, мына буюрса имарат бүтүп калды, жакында ачылышы болот. Жүз орундуу, заман талабына ылайык шарттары менен колдонууга берилет.

Президентибиз Садыр Нургожоевич жыл аягына чейин бүтүрүү тапшырмасын койгон, өз убагында аткардык", - деп билдирди ал.
Белгилей кетсек, Бакиевдин эки кабаттуу үйү ушул жылдын июнь айында бузулган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан