Калыс-Ордо конушуна бала бакча куруу үчүн 80 миллион сомго тендер жарыяланды

Бишкектеги Калыс-Ордо конушуна бала бакча куруу үчүн 80 миллион сомго тендер жарыяланды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

"Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы Калыс-Ордо жаңы конушундагы бала бакчанын курулушуна тендер жарыялады.

Тендер чексиз, эки пакеттик сатып алуу ыкмасы катары жарыяланат.

Жеткирүүчүлөрдүн сунуштарын берүүнүн акыркы мөөнөтү 2022-жылдын 19-декабрына чейин. Жарыяланган тендер 80 миллион 615 миң 564 сомду түзөт", - деп жазылат ммэриянын билдирүүсүндө.

Сынактар ​​жөнүндө толук маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланган: www.zakupki.gov.kg

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан