Бишкектеги кар: Мэрия 514 тонна туз септи

Бишкекте жааган карга байланыштуу шаардагы көчөлөргө жалпы 514 тонна туз себилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.

"Тазалык" муниципалдык ишканасы түнү бою унаа жүрүүчү жолдорду жана тротуарлардагы карды тазалап, жолдорго туз чачуу иштерин жүргүздү.

Азыр линияда 37 атайын техника иш алып барууда. Алар Маз КО — 26, Зил 130 — 1, алдыңкы жүктөгүч — 1, УКМ — 4, Беларусь трактору — 5.

Көчөлөрдү ДЭУнун 27 кызматкери жана 620 жумушчу тазалоодо. Азыркы тапта 514 тонна туз пайдаланылды", - деп билдиришти мэриядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан