Григорий Лепстин чуулгандуу мушташы: Нарколог аны тезинен дарыланууга чакырды

Орусиялык психиатр, нарколог Василий Шуров ырчы Григорий Лепс ичкиликке катуу берилип кеткенин, ал адистерге кайрылуусу керектигин айтты. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Эл артисти менен болгон соңку окуяга комментарий берип жатып дарыгер Лепстин ысымы акыркы убакта көптөгөн чуулгандуу окуяларга аралашып кеткенин белгилеген. Ырчынын мындай жоруктарынын себеби - көптөн бери ичкиликке болгон көз карандылык.

Нарколог белгилегендей, Лепстин алкоголдук көз карандылыгы эл артистинин карьерасына түздөн-түз коркунуч келтирген стадияга жеткен.

"Наркологиянын көз карашынан алганда, психо-органикалык синдромдун пайда болушу экинчи стадия. Анда мас абалында адам аффектти башкара албай калат. Буга мисал сүрөткө түшүүнү суранган адам менен мушташуу", - деген нарколог.

Ошондой эле нарколог Лепсти тезинен дарыланууга чакырган.

2-декабрь күнү кечинде Григорий Лепс Санкт-Петербургдагы барлардын биринде аны менен сүрөткө түшүүнү суранган адам менен мушташа кеткен. Мушташтын видеосу интернетке тараган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан