Түштүк Кореянын Сеул шаарында Азия кайрымдуулук борбору тарабынан уюштурулган 8-Дүйнөлүк лидердик жаштар программасы уланууда.
Бүгүн, 6-декабрда программанын алкагында Монголия, Индонезия, Таиланд, Филиппин жана Кыргызстандан келген жаштар өз өлкөлөрүнүн маданиятын таанытты. Анда Кыргызстандын жигердүү жаштары комузда, ооз комузда кол ойнотуп, кара жорго бийин аткарышты. Муну менен алар залды шаңга бөлөп, чет элдик коноктордун кыргыз маданиятына болгон кызыгуусун арттырып, атүгүл көңүл борборунан орун алууга дагы жетишти.
Белгилей өтсөк, программанын алкагында Сеулга келген делегацияларга профессорлор лидерлик сапат боюнча англис тилинде лекцияларды өтүүдө. Саамалык 10-декабрга чейин уланмакчы.
Маалымат үчүн: Азия кайрымдуулук борбору (ASIA CHARITY CENTER) билим берүү жана кайрымдуулук боюнча эл аралык фонд болуп саналат. Уюм балдарга жана студенттерге лидерликти өнүктүрүү жаатында өз потенциалын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү максатын көздөйт.