Жалал-Абад облусунун аймагында арзан көмүр саткан түйүндөр иштеп жатат. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалым болгондой, аймакта жалпы 41 сатуу түйүндөрү уюштурулган. Көмүрдүн тоннасы 4 миң 500 сомдон сатылууда.
"Аксы районунда 6, Ала-Бука районунда 8, Базар-Коргон районунда 9, Ноокенде 2, Сузак районунда 2, Токтогул районунда 3, Тогуз-Торо районунда 3, Чаткал районунда 4, Жалал-Абад жана Таш-Көмүр шаарында бирден арзан көмүр сатуу жайлары иш алып барууда", - деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, Кара-Көл шаарынын жергиликтүү бюджетинен 420 миң сом акча каражат бөлүнүп, 210 үй-бүлөгө 2 миң сомдон бөлүштүрүлгөн.
"Тегене" ЖЧКсы тарабынан Таш-Көмүр шаарындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жумушчуларга 50 тонна бекер көмүр таркатылды.
Белгиленгендей, облус аймагында көмүрдүн баасына туруктуу көзөмөл жүргүзүлүүдө. Ошол эле учурда кескин жогорулоо жана тартыштык жок экени айтылды.