"Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасы шаардагы арыктарды тазалоо иштерин улантууда. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматы билдирет.
"Жашылдандыруучулар Анкара көчөсүндө Чолпон-Ата көчөсүнөн баштап Виноградный көчөсүнө чейин, 7-Апрель көчөсүнөн Достоевский көчөсүнө чейин, Горький көчөсүндө Манас проспектинен баштап Абдрахманов көчөсүнө чейин, ошондой эле Манас проспектисинде Чокморов көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейин, Абдрахманов көчөсүндө Фрунзе көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектине чейин тазалоо иштерин жүргүздү", - деп айтылат билдирүүдө.
Мындан тышкары отоо чөптөн жашыл аймактарды тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат.
Ирригация тармактарын тазалоо декабрь айынын аягына чейин уланат.