Эртең, 8-декабрда өлкөнүн көпчүлүк аймагында кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.
Маалымдалгандай, айрым жерлерге туман түшөт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -3…-8;
Талас жергесинде түнкүсүн -8…-13, күндүз -4…-9;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз -2…+3;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -1…+4;
Нарын облустарында түнкүсүн -10…-15, күндүз -4…-9;
Бишкекте күндүз кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн -8…-10, күндүз -5…-7 градус болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.