Сирияда террористтик даярдыктан өткөн абактагы 2 жаран радикалдык көз караштан баш тартты

Сирияда террористтик даярдыктан өткөн абактагы 2 жаран радикалдык көз караштан баш тартты. Бул тууралуу атайын кызматтын маалыматында айтылат.

Кабарлангандай, УКМК өлкөдө диний-экстремисттик жана террористтик уюмдарга каршы аракеттенүү боюнча алдын алуу профилактикалык иш-чаралардын алкагында абактарда жазасын өтөп жаткан эл аралык террористтик уюмдардын мүчөлөрүн жана жактоочуларын ынандыруу боюнча иш алып барууда.

Көрүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында, Сирияда эл аралык террористтик уюмдардын катарында диверсиялык жана террористтик даярдыктан өткөн, Кыргыз жарандары, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1986-жылы туулган А.А. аттуу тургуну жана 1983-жылы туулган О.Д. радикалдуу көз караштардан эл алдында баш тартышты.

Учурда УКМК диний-экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иш-аракеттерди улантууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан