Баткендин чек арага чектешкен аймактарында милиция кызматкерлери эл менен жолугушууда. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалымдалгандай, Баткен районунун чек арага чектешкен аймактарында жашаган жергиликтүү тургундарга Көк-Таш айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу, өспүрүмдөрдүн коопсуздугун көзөмөлдөө жаатында эскертүүлөр берилди. Мындан сырткары чек ара аймактарында жашаган тургундардын мал-жандыктарын талаада кароосуз калтырбоо жагы айтылды.
Тиешелүү кызмат Баткен облусунда коомдук тартипти көзөмөлдөө максатында күнү-түнү кайгуулдарды уюштурган.