Президент депутаттарды суракка чакыруусу боюнча Башкы прокуратуранын аракеттерин текшерүү үчүн жумушчу топ түздү. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев билдирди.
Ал буга чейин кесиптештери Шайлообек Атазов менен Жеңишбек Токторбаев көзөмөл органы тарабынан кысым болуп жатканын билдиргенин эске салды.
"Кайрылуулардан кийин өлкө башчы Садыр Жапаров жумушчу топ түздү. Бул топ бир жуманын ичинде Башкы прокуратуранын аракеттерин текшерет. Корутунду президентке берилет", - деди Нурланбек Шакиев.
Буга чейин депутат Жеңишбек Токторбаев Башкы прокуратуранын ишин текшерүү үчүн комиссия түзүүнү сунуштаган.