Кыргызстанда Бишкек инвестициялык саммити башталды. Анын ачылышында Кыргызстандын министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров, ЕЭКтин башчысы Михаил Мясникович, ЕАЭБ Ишкерлер кеңешинин башчысы Данил Ибраев жана Нобель Тынчтык сыйлыгынын лауреаты Рае Квон Чунг сөз сүйлөдү.
Саммитте ар кайсы өлкөлөрдөн инвестициялык долбоорлор сунушталат. Ал эми Кыргызстан ар тараптуу 150 долбоорду сунуштайт.
Долбоорду карап чыгуу үчүн иш-чарага ар түрдүү банктардын жана инвестициялык фондулардын өкүлдөрү катышып жатканы кабарланды. Ал эми чет өлкөлдөрдөн дагы 200дөй долбоор бар экени айтылды.
Бишкек инвестициялык саммити бизнес жана инвестиция дүйнөсүндөгү эң маанилүү эл аралык окуялардын бири.