Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Ху Чуньхуа бүгүн, 8-декабрда иш сапары менен Кыргызстанга келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.
Конокторду “Манас” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.
Белгиленгендей, иш сапардын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулар өтөт.